Бүгүн, 26-июнда Астана сотунда келинчеги Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп 24 жылга эркинен ажыратылган Куандык Бишимбаевдин кылмыш иши боюнча апелляциялык соттук отурум башталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Сот процессине коомчулуктун кызыгуусу күчөгөнүн эске алып, Жогорку сот соттук отурумдарды онлайн көрсөтүүнү улантуу чечимине келди.
Буга чейин Куандык Бишимбаев менен анын тууганы Бахытжан Байжановдун апелляциялык арызы 26-июнда караларын Астана соту билдирген.
Эскерте кетсек, 31 жаштагы Салтанат Нукенованын жансыз денеси 2023-жылдын 9-ноябрында Астана шаарындагы "BAU" ресторанында табылган. Аны сабап өлтүрүүгө шектелип күйөөсү, мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган. Ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренеси (Кыйноо), 99-беренеси (Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) жана 14-беренеси (Өтө оор кылмыштын кайталанышы) боюнча айып тагылган.
Ага байланыштуу, 13-майда Куандык Бишимбаев келинчеги Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталып, 24 жылга эркинен ажыратылган. Сот мурдагы аткаминер жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөрүн чечкен.