Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан кеткен Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болушу мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынында анын талапкерлиги каралат.
Тургунбаев 1982-жылы 2-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. Ал 2003-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетин аяктаган. 2019-жылы докторлук диссертациясын коргоп, экономика илимдеринин доктору илимий даражасын алган.