Стамбулдун батышында кеминде 15 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, беш адам жабыркады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, жүк ташуучу унаанын айдоочусу Бахчешехир районуна жакын жердеги унаа жолунда рулду башкара албай калып, трассадагы 14 жеңил унааны сүзүп кеткен. Жүк ташуучу унаа ортодогу тосмону сүзгөндөн кийин гана токтогон.
“Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктын кесепетинен беш адам жабыркап, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Унаалар да катуу жабыркаган. Жол бир жактуу жабык болгондуктан, жол кыймылына тоскоолдуктар жаралууда”, - деп кошумчаланган маалыматта.