Кенияда салыктын көбөйүшүнө каршы нааразылык акцияларында каза болгондордун саны 13кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Эске салсак, буга чейин Кениянын бийлиги нан сатып алууда 16 пайыз кошумчаланган нарк салыгын, ошондой эле транспорт каражаттарына 2,5 пайыз төлөм кошкон. Бийлик сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдирген. Бирок ага карабастан нааразылык акциялары уланууда.