Ак-Ордо жаңы конушунан күйөөсү аялын зордуктоого аракет кылган жигитти кармап алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен бүгүн, 24-декабрда билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-декабрда Сокулук районунун 27 жаштагы тургуну Т.Наргизаны Ак-Ордо конушундагы ата-энесиникине бара жатканда белгисиз бирөө күч колдонуп зордуктоого аракет кылган. Аны муунтуп, курулуп жаткан тамдар жакка алып барган. Жабырлануучу катуу кыйкырганда анын 27 жаштагы күйөөсү Т. Нурлан жетип келген.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну И.Бакытты кармашкан. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.