Ошто чек ара кызматынын офицери пара алууга шектелип кармалды

Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери аскерлерден пара алып келген деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1985-жылы туулган З.Т. аттуу чек ара ведомствосунун офицери кармалган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, узак убакыт бою чек ара кызматынын аскерлеринен акча алып келген.

"Учурда З.Т.нын кылмыш иштерине тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка кызмат адамдарын аныкто боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

26.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан