Коңшу Кытайдын чыгышындагы Аньхой провинциясында кедей үй-бүлөдө чоңойгон 33 жаштагы Чжан Хуайюан аттуу жаран жакында эле өзүнүн чыныгы ата-энесин тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 1991-жылы дарыгерлер төрөтканадагы жубайларга уулдуу болушканын, бирок ымыркай айына жетпей төрөлгөндүктөн чарчап калганын айтышкан. Бирок чындыгында ымыркай төрөткананын директорунун кош бойлуу боло албаган тууганына берилген.
Чжан өзүнүн ата-энеси жашаган Чжэцзян провинциясынан 400 чакырымдай алыстыктагы кедейлер жашаган айылда чоңойгон. Аны багып алган атасы майып болгондуктан, Чжан 17 жашында окуусун таштоого мажбур болгон каржылык кыйынчылыктарга туш болгон.
2023-жылы багып алган атасы каза болгондон кийин гана апасы ага чыныгы ата-энеси башка адамдар экенин айткан.
Жыйынтыгында ал өзүнүн ата-энесин издөөгө киришип, полициянын жардамы менен ушул жылдын май айында жолгушкан. Ал өзүнүн ата-энесине 20-майда жолуккан.
Өзүнүн атасы жолуккандан кийин көзүнө жаш алып, өлдү делген уулуна 1 миллион 200 миң юань (166 миң доллар) суммасындагы эсеп ачуу үчүн банк картасын берген.
Анын жалгыз гана бир иниси бар экени белгилүү болгон.