Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, ЖККУ ПА Коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Алишер Эрбаев ЖККУ ПАнын жооптуу катчысы – катчылыгын башчысы Сергей Поспелов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештен билдирди.
Маалым болгондой, анда тараптар Жогорку Кеңештин депутаттары менен ЖККУ ПАнын ортосундагы алакаларды арттыруу маселелерин талкуулап, анын ичинен Парламенттик ассамблеянын Кеңешинин алдындагы Эксперттик-консультативдик кеңештин "Евразиялык интеграциянын коопсуздук кол чатыры" темасындагы атайын отурумун өткөрүү тууралуу сөз болду. Алсак, аталган иш-чара XII Санкт-Петербург эл аралык юридикалык форумунун алкагында болору күтүлүүдө.
Жолугушууда Алишер Эрбаев атайын жыйындын жүрүшүндө глобалдык трансформациянын шартында евразиялык коопсуздукка кедергисин тийгизген заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү системасынын негизги параметрлерин аныктоо, ошондой эле укуктук жана ченемдик актыларды иштеп чыгуу маселелери караларын билдирди.
Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты укук тармагындагы фундаменталдык изилдөөлөрдү жана анын адамдардын жашоосуна тийгизген таасирин, анын ичинде технологиялык прогресстин укуктун өнүгүшүнө тийгизген кесепеттерин, адам укуктарын коргоодогу жаңы ыкмалар, укуктун экономикалык жана социалдык аспектилери сыяктуу маселелерди талкуулоону сунуштады.
Өз кезегинде Сергей Поспелов айтылган сунуштарды колдоп, радикалдык, экстремисттик жана террористтик аракеттерди пропагандалоого каршы турууда жасалма интеллекттин ролу тууралуу сөз кылды. Муну менен катар аскердик коопсуздукту укуктук камсыздоонун актуалдуулугуна жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине көңүл бурду.
"Ошондой эле ал атайын жыйындагы актуалдуу маселелердин бири тышкы жана ички коопсуздукту укуктук жактан камсыздоо, мамлекеттин эгемендүүлүгүн коргоо жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштерине чет элдиктердин кийлигишүүсүнө жол бербөө чаралары болорун кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушууга КМШ ПААнын Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары, Жогорку Кеңештин ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев, Коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо жана аскердик мыйзамдары боюнча бөлүмүнүн башчысы Султан Кулманбетов катышты.
Жолугушуудан соң депутат Алишер Эрбаев менен Султан Кулманбетов Таврия сарайында болуп, КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишевдин ишмердүүлүгү менен таанышты.