Көздүн көрүүсүн начарлаткан факторлор көп. Бул туурасында офтальмолог Айдай Ассатилаева порталдын #Азыр рубрикасында маек берип жатып билдирди.
Дарыгер айткандай, адам сырттагы маалыматтын 90 пайызын көз органы аркылуу кабыл алат.
"Эң алгач балдар арасындагыны атай кетейин. Балдарда бул жагдай өтө кооптуу. Кичинекей балдардын көрүү органы төрөлгөндөн кийин иштеп баштайт. Төрөлгөндөн кийин күндөн күнгө жакшырып отуруп, белгилүү бир убакта калыптанат.
Мурда, гаджеттер ар бир адамга жеткиликтүү болгонго чейин, балдар эшикте көп ойногон. Балдардын эшикте ойногону, күндүзгү жарык көздүн туура калыптанышына жакшы таасир берет. Азыр балдардын көпчүлүгү үйдө, мекемелерде, бала бакчада отурушат. Сыртта ойноп жүргөн бала аз. Балдар дайыма көзгө оорчулук алып келчү нерселерди: телефон, компьютер, сыналгы көп көрөт. Бул нерсе көздүн көрүүсүнүн начарлашына алып келүүдө.
Адам карыганда көзү начарлайт, бул жагдай башка факторлордун таасиринен. Балдар менен карыган кишилердин көзүнүн начарлашы бирдей деп айтсак болбойт. Карыган кишилерде жакын аралыкка начарлап, курч көрбөйт калат. Мисалы, китеп окуганда, ийне тиккенде, гезит окуганда көз айнек тагынышат, бул табигый нерсе. Көз жакын аралыкты караганда иштейт, ал эми алысты караганда эс алат. Ошон үчүн карыган кишилерде көз булчуңдары жакын аралыкка начарлай баштайт.
Ал эми жаш балдарда, тескерисинче, алыс аралыкка начарлап жатат. Муну медициналык тил менен айтканда миопия (алыстан начар көрүү) деп коёт. Учурда балдар арасында минустун бат өөрчүүсү чоң көйгөй болуп турат. Себеби азыр кичинекей балдарда, өспүрүмдөрдө көпчүлүгүндө минус байкалат жана өтө тез ылдамдыкта көбөйүп жатат. Буга себеп – балдардын күнүмдүк жашоосунун өзгөрүшү. Телефон көп көргөндүктөн жакын аралыкка көзүнө күч келүүдө. Ошондой эле балдар кеч уктап жатат, каникул учурунда мектепке барышпайт, бул учурда түнкү саат 12ге чейин, кээде 2-3кө чейин уктабагандар бар экен. Мына ушулар минустун пайда болушуна жана өтө тез өөрчүшүнө алып келет", - дейт көз дарыгери.