Актёр Арнис Кыдырмышев театр сыйлыгына татыды

Бүгүн, 26-июнда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында «Эргүү» улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Анда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти, актёр Арнис Кыдырмышев “Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн” номинациясына ээ болду.

Театрдан билдиргендей, актёр «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” спектаклиндеги Очумелов, Кара ниет жана башка ролдору үчүн аталган сыйлыкка татыган.

Белгилей кетсек, улуттук сыйлык кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктыларына тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан