Орусияда жүргүнчү ташыган поезддин тогуз вагону рельстен чыгып кетти (видео) 

Воркута – Новороссийск поездинин тогуз вагону Комиге бараткан жолдо рельстен чыгып кетти. 70ке жакын адам жаракат алганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Кечээ, 26-июнда Москва убактысы боюнча саат 18:12де Түндүк темир жолунун Инта-1 – Угольный участогунда №511 Воркута – Новороссийск жүргүнчү поездинин тогуз вагону рельстен чыгып кеткен", - деп айтылат "Орусия темир жолу" ишканасынын билдирүүсүндө.

Орусиянын Telegram каналдары окуя болгон жерден видеотасманы жарыялоодо.

Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы жөнөтүлүп, жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүлдү.

Жергиликтүү басылмалардын айтымында, жүргүнчүлөрдү ташыган поезд кырсыгынан улам 70 адам жабыркап, каза болгондор жок экендиги айтылууда.

Орусияда жүргүнчү ташыган поезддин тогуз вагону рельстен чыгып кетти
Орусияда жүргүнчү ташыган поезддин тогуз вагону рельстен чыгып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан