Словениялык хакер компьютердик вирус жараткандыгы үчүн 4 жыл 10 айга камакка алынды

Словениялык хакер Матьяж Шкорянц “Бабочка” аттуу компьютердик вирус жараткандыгы үчүн 4 жыл жана 10 айга камакка алынды. Анын дүйнө жүзү боюнча 12 миллион компьютерге вирус киргизгендиги аныкталган. “Бабочка” вирусу кредиттик карталардагы маалыматтарды жана анын ичиндеги жеке менчик маалыматтарды уурдоого багышталган.

Эске салсак, 2010-жылы Iserdo аттуу хакер Словения укук коргоо органдары тарабынан кармалган болчу. Кийин ал күрөө коюп чыгып, үйрөнгөн адаты боюнча кайрадан вирус программаларды сата баштаганда экинчи жолу камакка алынган. Анын ойлоп тапкан вирусу дүйнө жүзүндөгү жеке менчик ишкерлерге, компанияларга, банктарга жана мамлекеттик мекемелерге ондогон миллион евро зыян алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан