Боливияда аскерлердин катышуусунда мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракети болду (видео)

Боливияда генерал Хуан Хосе Зунига башчылык кылган мамлекеттик төңкөрүш аракети ийгиликсиз болду. Ал бир күн мурун Боливия армиясынын командачысы кызматынан бошотулган эле. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, генерал кызматтан кетүүдөн баш тартып, саясий туткундарды, анын ичинде 2021-жылы төңкөрүш жасады деген айып менен камакка алынган экс-президент Жанин Анести бошотууну талап кылган.

“Шаршембиде генерал Зунигага берилген аскерлер бронетехника менен Ла-Пастын борбордук аянтын ээлеп, өкмөт сарайын курчоого алышкан. Бул учурда Боливиянын президенти Луис Арсе жана анын министрлери имаратынын ичинде болушкан. Козголоңчулардын басып алуу аракети ийгиликсиз аяктаган соң өлкө башчысы элге кайрылып, демократиянын принциптерин бузбоо үчүн жарандарды төңкөрүшкө каршы турууга чакырды”, - деп айтылат мааалыматта.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунан соң аскер козголоңчулар аянттан чыгып кетишкен.

Боливиянын прокуратурасы дароо Зуниганы камакка алуу буйругун чыгарып, генерал көп өтпөй кармалган.

Андан кийин Арсе армиянын башкы командачысын, аскер-аба күчтөрүнүн башчысын, деңиз флотунун командачысын алмаштырып, жаңы дайындоолорду жүргүзгөн.

Боливияда мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракети болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан