Өзбекстанда Chevrolet Spark унаасынын айдоочусу скутерди кубалап жүрүп сүздү (видео)

Ташкент шаарында Spark үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу скутерди кубалап жүрүп сүзгөн окуя видеого түшүп калган. Бул тууралуу Tashkent_Land телеграм каналы бөлүштү.

Басылма окуя кечээ, 26-июнь күнү саат 18:30 чамасында болгонун шаардык полиция берген маалыматка таянып билдирди.

"1990-жылы туулган жарандын башкаруусундагы унаа ошол эле багытта бара жаткан 2000-жылы туулган жарандын башкаруусундагы скутер менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен скутердин айдоочусу жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Окуянын чоо-жайын Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иликтөөдө", - деп айтылат Ташкент шаардык милициясынын маалыматында.

27.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан