Үрүмчү шаарында Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташуу борборунун кеңсеси ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.
Ага ылайык, аталган борбор Синлун индустриалдык паркынын аймагында жайгашкан жана 400 чарчы метрден ашык аянтты ээлейт.
"Борбордун негизги максаты - тараптан тематикалык жолугушууларды, иш-чараларды жана долбоорлорду презентациялоо аркылуу кыргыз-кытай бизнеси үчүн платформа түзүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, багыттары жана кыргыз-кытай ишканаларынын биргелешкен кызматташтыгы үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө актуалдуу маалыматтар сунушталат.
Маалымат үчүн: Синлун индустриалдык паркынын ээси Xing Long Синьцзян корпорациясы Кыргызстандын аймагындагы индустриалдык паркты өнүктүрүүгө кызыкдар. Кытай тарап Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн көптөгөн кытай компанияларын тартууга ниеттенүүдө. Бул эки өлкөнүн ортосунда өз ара инвестицияларды тартууга, өнөр жайды жана инновацияларды модернизациялоого дем берүүгө өбөлгө түзөт.