Казакстанда жеке менчик бала бакчада жапырт уулануу болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазууда.
Маалыматтарга караганда, Түркистан облусунун Келес районундагы бала бакчанын кызматкерлери балдардын абалы начарлап баштаганда дарыгер чакыртышкан. Натыйжада, 2 жаштан 5 жашка чейинки 34 бала оруканага жеткирилген. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин балдардын көбү үйүнө чыгарылып, абалы оорураак делген үч наристе калтырылган.
Облустук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти учурда уулануунун так себептерин иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Жапырт уулануу балдарга берилген тамак-аштан улам болушу мүмкүн экени болжолдонууда.
Ал эми облустук полиция бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Санитардык эрежелердин жана гигиеналык нормалардын бузулушу" деген берене менен кылмыш иши козголгонун кабарлады.