Ысыктан кантип сактануу керек? ӨКМ жооп берет 

Учурда өлкө аймагында ысык аба ырайы болууда, буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аптапта эмнелерди эске алуу керектигин айтты.

  • Күн ысыкта жылытма тамактарды, бал, чочконун майын жебеңиз. Жатар алдында эт жана оор тамактардан алыс болуңуз, анткени оор тамактарды сиңирүү дененин температурасын жогорулатып, тердин чыгышын күчөтөт. Ал эми денени муздатып, ысыкка ыңгайлашууга жардам берген азыктар: курма, банан, бардык жашыл жана ак түстөгү мөмө-жемиштер жана жашылчалар.

Тез бузулуучу тамак-аштардан этият болуңуз. Алар: бардык сүт азыктары, балмуздак, даяр салаттар, каймак кошулган токочтор, кайнатылган колбаса, жаңы жана туздалган балык. Ошондой эле көчөдөгү күркөлөрдөн эт толтурулган пирожки, самса азыктарын сатып алуудан баш тартуу керек.

Суюктук ысык аба ырайында болуп көрбөгөндөй маанилүү. Анын көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылыңыз. Ысыкта организмде тер күчөгөндүктөн, суунун балансы бузулат, ошондуктан күнүнө 3,5 литрден кем эмес суюктук ичүү керек. Таттуу, газдалган суусундуктарды ичүүгө болбойт, алар чаңкоону кандырбай, тескерисинче, суусоону гана күчөтөт. Жөнөкөй суунун ордуна, курамында суу көп жашылча-жемиштерди алсаңыз болот. Алардын жардамы менен организм витаминдердин жана минералдардын кошумча бөлүгүн алат. Ошондой эле ысык көк чай да пайдалуу, ал жылуулук өткөрүүнү жөнгө салат.

Эртең мененки ондон кечки жетиге чейин ысыкта сыртка чыкпаганга аракет кылыңыз. Карыларга жана балдарга өзгөчө көңүл буруңуз. Алардын организми ысыкты жаш жана орто жаштагыларга караганда оор көтөрөт. Гипертония жана жүрөктүн оорусу, кант диабети, калкан бези, семирүү, онкологиялык оорулары бар, инфаркт же инсульт менен жабыркагандар жайкысын этият болуусу керек. Эгерде сизде саналып өткөн оорулардын бири болсо, мүмкүн болушунча күндүзү сыртта азыраак болууга аракет кылыңыз жана физикалык көнүгүү менен алек болбоңуз, бакчадагы физикалык күчтү талап кылган иштерди башка убакытка жылдырыңыз.

Ысык аба ырайында жеңил, табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийген жакшы. Ачык түстөр күндүн нурун чагылдырса, кара түстөр аны өзүнө сиңирип алат. Терезелерди жарык чыпкасы же кадимки ак кагаз менен чаптаңыз, бул бөлмөдөгү температураны бир нече градуска төмөндөтөт. Суу процедуралары да пайдалуу, ийиниңизге нымдуу жоолук салып, колуңузду жана бетиңизди ным сүлгү менен сүртүңүз, кездеме кургаары менен процедураны кайталаңыз.

Күндүн нуруна каршы профилактикалык чараларды көрүү маанилүү. Күнгө чыкканда такай жоолук, панама сымал баш кийим кийүү керек. Ысык күндө сыртта уктоо жана узакка жүрүү сунушталбайт.

Эгер адамга ысык өтүп кетсе, дароо 103 же 112 телефонуна чалып, "Тез жардам" чакырыңыз. "Тез жардам" келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Жабырлануучуну көлөкө же салкын бөлмөгө алып барыңыз. Аны чалкасынан жаткырып, башынын астына бир нерсе коюп, кийимдерин чечип, денесин сүртүп, жабырлануучуга суу берсе болот. Өзгөчө кырдаалдарда, адам эсин жоготкондо, дем алуу жана тамырдын кагуусу сезилбей калганда, дарыгерди күтпөстөн, жасалма дем алдыруу жана жүрөккө жабык массаж жасоо сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан