Кадырбеков мектеп-гимназияларды жоюу сунушуна каршы чыкты (видео)

Бүгүн, 27-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Министрлер кабинетинин коомдук талкуудагы "Жалпы билим берүүчү уюмдар" тууралуу токтомун сынга алды.

Эл өкүлү бардык тармак илим-билим менен байланыштуу экенин белгилеп, билим берүүнүн сапаты жогоруласа, башка тармактар да өнүгөрүн айтты.

"Министрдин орун басарынын оозунан "биз жакында гимназияларды жок кылабыз" деген сөздү угуп калдым. "Гиназияларды эмне үчүн жойгону жатат?" деген суроого, "оптимизация" деп жооп берерин да билем. Анткени гимназиянын мугалимдерине бир аз көбүрөөк айлык төлөнөт экен. Оптимизация, реформа деген акчаны үнөмдөөгө багытталбайт, илим-билимдин деңгээлин көтөрүүгө багытталышы керек", - деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал талапка жооп бербеген да гимназиялар бар экенин белгилеп, аларды жабууга каршы эместигин айтып, бирок бул маселеде баарына жалпы мамиле кылууга болбой турганын билдирди.

"Бул айылдагы бир альтернатива болчу, балдарым тереңирээк билим алсын дегендер гимназияга окутат болчу. Эми гимназияларды жаап койсоңор, жалгыз альтернатива катары жеке менчик мектептер эле калат. А жеке менчик мектеп деген - бизнес деген эле сөз. Бул оптимизация болбойт, "оптомизация" болот. "Оптом" жаба турган эле саясат болуп калат. Ушуну билим берүү министринен жакшылап карап көрүүсүн суранат элем. Акча үнөмдөйбүз деп отуруп биротоло сайга түшүп кетпейли", - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин 2024-2025-жаңы окуу жылына карата өлкөдө билим берүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Министрлер кабинетинин токтому коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, өкмөт жаңы токтому менен Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү уюмдар тууралуу типтүү Жобону бекитет.

Долбоорго ылайык, мектеп-гимназия жана мектеп-лицей — жалпы билим берүүчү мектеп деп өзгөртүлөт. Ал эми гимназия-интернат жана лицей-интернаттар — мектеп-пансион деп аталат. Бул мектептерде иштеп жаткан мугалимдердин жана жетекчилердин айлык акыларынын өлчөмү сакталат. Класстагы балдар кеминде 10, эң көбү 30, шаарларда 36 бала болот.

Жободо ошондой эле жалпы билим берүүчү уюмдардын төмөнкүдөй формалары жазылган: жалпы билим берүүчү мектеп, мектеп-пансион, мектеп-комплекс, окуу-тарбия комплекси, эксперименталдык мектеп, автордук мектеп, онлайн-мектеп, мектеп-интернат, атайын мектеп, атайын мектеп-пансион, атайын көмөк мектеп, атайын көмөк мектеп-интернат, санаториялык мектеп-интернат, кечки мектеп жана сырттан окутуучу мектеп.

Өзгөртүүлөр жалпы билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү жана бардык мектептердин окуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында сунушталып жатканы айтылган.

Жогорку Кеңеш 27.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан