Бүгүн орусиялык ырчы Алсунун туулган күнүндө жолдошу экөөнүн ажырашуу доо арызы каралат

Бүгүн, 27-июнда көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алган "Зимний сон" жана "Иногда" ырлары менен белгилүү болгон орусиялык ырчы Алсу Сафина 41 жашын белгилөөдө.

Алсу 1983-жылы Татарстандын Бугульма шаарында төрөлгөн. Анын атасы Ралиф Сафин бизнесмен жана саясатчы. Ал эми апасы Разия Исхаковна кесиби боюнча архитектор. Алсунун эки бир тууганы бар. Алардын улуусу Марат ал эми кичүүсү Ренар. Экөө тең ишкерлик менен алектенишет.


Белгилүү болгондой эле, май айынын аягында ырчы Алсу 18 жыл чогуу жашаган жолдошу, ишкер Ян Абрамов менен ажырашуу үчүн арызын жазган. Алардын үй-бүлөлүк жашоосунда баары жакшы эмес деген кептер былтыртан бери тарап келген. Бирок ырчы имиштерди дайыма четке каккан.


Орус басылмаларынын айтымында, бүгүн, 27-июнда, ырчынын туулган күнүндө
Москванын Пресненск райондук сотунда ырчы Алсу менен ишкер Ян Абрамовдун ажырашуу доо арызы боюнча соттук отурум болот.

Алсу бүгүнкү күнгө чейин жолдошу экөө эки жолго түшкөндүгү тууралуу ачыктай элек.

Интернет айдыңында алардын ажырашуусунун бирден-бир себеби күйөөсү Ян Абрамовдун ала жипти аттаганы болгону айтылууда.
Алсу Сафина менен Ян Абрамов 2006-жылы баш кошушкан. Алардын Сафина, Микелла аттуу кыздары жана Рафаэль аттуу уулу бар.

2019-жылы Микелла Абрамова "Балдар үнү" телеберүүсүнүн алтынчы сезонунун жеңүүчүсү деп табылган. Бирок андан көп өтпөй добуштар Алсунун кызынын пайдасына бурмаланганы аныкталып, андан кийин каналдын жетекчилиги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Алсунун музыкалык карьерасы 15 жашында башталган. Анын эң алгачкы продюсери Валерий Белоцерковский болгон. Валерий ырчынын "Зимний сон" ырынын дебюттук клибинин сюжетин ойлоп тапкан. Алсунун алгачкы "Зимний сон" жана "Иногда" аттуу ырлары көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алган.


2000-жылы Алсу "Евровидение" музыкалык сынагында "Solo" ыры менен чыгып, экинчи орунду алган.

Алсу Татарстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (2000), Татарстан Республикасынын Эл артисти (2010), Орусиянын Эмгек сиңирген артисти (2018) наамдарына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан