Жалал-Абад облусунун прокурору тарабынан Чаткал районунун акимин кызматынан четтетүү боюнча көрсөтмө киргизилди

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан антикоррупциялык мыйзамдын аткарылуусун текшерүүнүн негизинде Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Т.Ага бир нече кылмыш иши козголду. Ушуга байланыштуу облустун прокурору Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн өкүлү Ж.Төрөмаматовдун атына Чаткал районунун акимин кызматтан четтетүү боюнча көрсөтмө киргизди. Өз кезегинде көрсөтмө өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү тарабынан премьер-министрге жиберилди. Белгилей кетсек, КРнын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамына ылайык, райондук администрация башчысын кызматтан премьер-министр бошотот.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан