Депутат Абакиров 1 миллион сомдон айлык алган 7 адам тууралуу айтты

Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү 1 миллион сомдон айлык алышкан. Бул туурасында бүгүн, 27-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров айтты.

Анын айтымында, былтыр негизги банктын башкармалыгынын 7 мүчөсү бонус катары 84 миллион сом алган.

"Башкача айтканда, ар бирине ай сайын 1 миллион сомдон төлөнгөн. Албетте, жогорку кесипкөйлөр жакшы айлык алышы керек. Бирок айына 1 миллион сом мугалимдин айлыгынан 40 эсе көп болуп жатат. Азыр мугалимдин орточо айлыгы 25 миң сом. Эми 5-10 эсе болсо дагы макул эле, бирок 40 эсе көптүк ашыкча болот го дейм. Мурунку жылдары андай болбоптур. Бул болгону 2023-жылы эле болуптур", - деди ал.

Жогорку Кеңеш 27.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан