Бүгүн Байден менен Трамптын шайлоо алдындагы алгачкы дебаты өтөт

АКШ президенти Жо Байден менен мурунку президент Дональд Трамптын шайлоо алдындагы биринчи дебаты бүгүн, 27-июнда өтөт. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, ноябрдагы президенттик шайлоого төрт ай калганда Дональд Трамп менен Жо Байден CNN телеканалынын студиясында дебатта жолугушат. Эрежелери олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон теледебаттар Американын убактысы боюнча 21:00дө башталып, бардык ири телекомпаниялар тарабынан көрсөтүлөт. Дебат эки коммерциялык тыныгуу менен бир жарым саатка созулат, анда талапкерлерге жардамчылары менен кеңешүүгө тыюу салынат.

“Байден менен Трамп талкууга калем, кагаз жана бөтөлкө суу гана алып келе алышат. Аларга маалымат тезистерди жана алдын ала жазылган тексттерди алып келүүгө тыюу салынган. Талапкерлер сүйлөөгө уруксат берилгенге чейин микрофондор өчүрүлөт. Дебат көрүүчүлөрсүз, Трамп, Байден жана эки журналисттин катышуусунда гана болот”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, теледебаттардын экинчи туру 10-сентябрда ABC телеканалында өтөт. Байдендин шайлоо штабы Трамптын үчүнчү тур өткөрүү идеясын четке какты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан