Жасалма интеллекттин эсептөөлөрү боюнча, Европа чемпиондугунда башкы фаворит өзгөрдү. Муну 1/8 финалга чыккан командалардын турнирде жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар таблицаны караган Opta статистикалык агенттиги суперкомпьютерге таянуу менен жарыялады.
Суперкомпьютердин маалыматы боюнча, турнирдин кожоюндары болгон Германиянын Европа чемпиондугун жеңүү ыктымалдыгы 18,34% деп бааланган. Буга чейин Германия чемпиондукка мүмкүнчүлүгү боюнча үчүнчү орунда болчу (14,5%).
Германия эки жеңиш, бир тең чыгуу жана 8:2 гол айырмасы менен тайпалык баскычты биринчи орун менен 1/8 финалга чыкты.
Еврону утуп алуу ыктымалдыгы боюнча Франция биринчиден экинчи орунга (18,21%), Англия (17,22%) экинчи орундан үчүнчү орунга төмөндөдү.
Турнир башталышына бир ай калганда Opta башкы фаворит катары Англияны атаган (19,9%). Суперкомпьютер анда экинчи орунга Фарнцияны (18,4%), үчүнчүгө Германияны койгон (14,5%).