Кечээ, 26-июнда Кыргыз академиялык опера жана балет театрында улуттук “Эргүү” театр сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, "Эргүү" улуттук сыйлыгы театр искусствосуна эмгеги сиңген инсандарга жана жылдын мыкты спектаклдерине ыйгарылып келет.
Улуттук “Эргүү” театр сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:
«Эң мыкты спектакль»:
Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли, К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры.
«Эң мыкты режиссура»:
Уланмырза Карыпбаев, С. Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли үчүн.
«Аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн:
Айзада Сопуева – “Күн кармаган бала” спектаклиндеги Бүсайранын ролу үчүн
«Эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн»:
Арнис Кыдырмышев – “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” спектаклиндеги Караниет, Очумелов жана башка ролдору үчүн.
«Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты ойногону үчүн»:
Света Абдыкадырова – “Ак кеме” спектаклиндеги Бекейдин ролу үчүн.
"Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты ойногону үчүн":
Бакыт Жумалиев – “6-палата” спектаклиндеги Андрей Ефимычтин ролу үчүн
«Эң мыкты дебют»:
Рыскелди Тынарбек уулу, “Күн кармаган бала” спектаклиндеги баланын ролу үчүн.
«Эң мыкты сценография»:
Садыр Ниязакунов, “Күн кармаган бала” спектакли үчүн
«Эң мыкты музыкалык жасалга»:
Галина Кетова, Евгений Прокопенко
“Превратности женщины” спектакли
«Эң мыкты улуттук пьеса» “Мекенимдин ташы” драмасы.
«Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль» сыйлыгын М. Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын “Падыша Салтан жөнүндө жомок” спектакли алды.
«Эң мыкты чет өлкөлүк спектакль» Казакстан мамлекеттик академиялык Г. Мүсүрөпов атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын "Кулагер" спектакли.
«Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салмы үчүн»:
Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Ольга Жигулёва сыйланды.
«Аймактык театр өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн» актриса, эмгек сиңирген артист Шайырбүбү Супатаева сыйланды.
«Жаштар ойногон эң мыкты спектакль. Кенже эргүү” сыйлыгы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын театралдык окуу жайынын студенттеринин аткаруусундагы “Эрте келген турналар” спектаклине берилди.
Белгилей кетсек, “Эргүү” сыйлыгын 2014-жылдан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана "Айтыш" коомдук фонду биргеликте тапшырып келет.