Эртең, 28-июнда өлкө аймактарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Ал эми күндүзү айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Кыргызгидромет билдиргендей, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +21…+26, күндүз +33…+38;
Таласта түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +33…+38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.
Бишкекте түнкүсүн +24…+26, күндүз +36…+38 градус ысыйт.