АКШнын Жоржия штатындагы Атланта шаарында АКШнын азыркы президенти Жо Байден менен мурдагы президенти Дональд Трамптын шайлоо алдындагы теледебаттары өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Дебатты CNN телеканалы уюштуруп, түз эфирде өткөн дебаттын биринчи айлампасы бир жарым саатка созулду. Студияда биринчи жолу көрүүчүлөр болгон жок. Байден менен Трамп кезектешип сүйлөп, бир катышуучу сүйлөп жатканда, экинчисинин микрофону өчүрүлүп турган.
Дебаттын биринчи бөлүгү экономикалык көйгөйлөр, миграция, бойдон алдыруу жана башка Американын ички маселелерине арналды.
Андан соң дебат эл аралык темаларга бурулду. Биринчиден, сүйлөшүү Ооганстандан америкалык аскерлердин башаламан чыгарылышына бурулду. Трамп муну "бул өлкөнүн тарыхындагы эң маскаралуу учур" деп атап, кийинчерээк бул жагдай башка нерселер менен катар Орусияны Украинага басып кирүүгө түрткөнүн айтты.
Трамп расмий түрдө кызматка кирише электе эле жеңип чыкса, жаңжалды чечерин дагы бир жолу билдирип, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган Украинадагы тынчтык шарттарын алгылыктуу деп эсептебей турганын айтты.
Дебаттын катышуучулары бири-биринин сөздөрүн жалганга чыгарып, пикир келишпестиктер орун алды. Жо Байден бир учурда Трамптын аскер кызматкерлерине жана ардагерлерге болгон мамилесин талкуулап жатып, мурдагы президентти "ийгиликсиз" деп атады. Ал эми Трамп Байден тарыхтагы эң начар президент экенин айтты.