
Талас облустук прокуратурасы тарабынан жеке ишкердин арызынын негизинде ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча Талас мамлекеттик университетинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүдө, Талас мамлекеттик университети тарабынан университеттин административдик имаратын капиталдык оңдоп-түзөө боюнча аткарылган иштер үчүн ишкерге тийиштүү суммадагы акы төлөнбөгөндүгү аныкталган.
"Жыйынтыгында ишкердин укугу бузулгандыгына байланыштуу прокуратура тарабынан Талас мамлекеттик университетинин ректорунун наамына прокурордук талап келтирилип, аткарылган жумуштар үчүн 1 миллион 505 миң 438 сом акча каражаты ишкердик субъектиге ыкчам түрдө төлөнүп берилди", - деп билдиришти прокуратурадан.