"Евро-2024": Турнирден четтеп калган футболчу күйөрман менен мушташты

Сербия курама командасынын дарбазачысы Ванья Милинкович-Савич Европа чемпиондугунун тайпалык этабынын 3-турунун алкагындагы Сербия менен Дания курама командаларынын беттешинин алдында күйөрман менен мушташып кеткен. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Окуя Мюнхендеги барлардын биринде болгон. Ал жерге 27 жаштагы дарбазачы эс алуу күнү келген. Окуянын эки версиясы айтылууда. Сербиялык басылмалар Милинкович-Савич спортчуну спирт ичимдигин ичкени үчүн сындаган күйөрманы менен мушташып кеткенин жазышууда.

Бардын ээси өз кезегинде дарбазачы мекеменин коопсуздук кызматкерлери аны киргизүүдөн баш тарткандан кийин мушташ чыкканын айткан.

Сербия курама командасы өз тайпасынан чыга албай, турнирден четтеген. Ал эми Ванья Милинкович-Савич үч оюн катары менен алмашууда отурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан