Кечээ, 27-июнь Ташкент шаарында эл аралык деңгээлде КВН болуп өттү. Анда Кыргызстандан барган команда биринчиликти багындырды. Бул тууралуу тамашоучу жана "Көңүлдү жигиттер" лигасынын негиздөөчүсү Кадыр Жарматов кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, конкурска Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Татарстан, Башкырстан, Беларусь, Азербейжан жана Тажикстандан барган командалар катышкан.
Ал эми бул мелдеште Кыргызстан 1-орунду, ал эми Казакстандан барган топ 2-орун жана беларустуктар 3-орунду ээлеген.
"Жетекчилерине жана күйөрмандарга ыраазычылык билдирем! Ал эми жигиттер кыргыз юморунун деңгээлин көрсөтүштү, азаматсыңар", - деди Кадыр Жарматов.