
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү
Нурзат Нуртаева Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунда (U-23) алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматта спортчу мелдешке 68 килограммга чейинки салмакта катышканы айтылат.
Алгачкы айлампада монголиянын балбанына 7:5 эсебинде жеңилген. Экинчи айлампада Казакстандын спортчусун 1:1 эсебинде утса, үчүнчү айлампада индиялык Приянка Приянканы 4:3 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону болду.