Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Кайыргүл Шаршебаева Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунда (U-23) күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Ал мелдешке 76 килограммга чейинки салмакта катышкан. Алгачкы айлампада индиялык Прия Прияга 10:0 эсебинде утулса, экинчи айлампада казак балбаны Алина Ертостикти 17:15 эсебинде утуп, күмүш медалга ээ болду.
Аталган мелдеште Арууке Кадырбек кызы коло медаль тагынды. Спортчу 55 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан. Ал алгачкы айлампада индиялык Сито Ситого 10:0 эсебинде утулду. Экинчи айлампада өзбекстандык Дилшода Матназарованы 4:0 эсебинде утуп, 3-орун үчүн беттеште Казакстандын балбаны Айнур Ашимованы 4:3 эсебинде жеңип, коло байгеге татыды.