Ноокат районунда селге агып каза болгондордун саны жети кишиге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 29-июнда билдирди.
Министрлик тактагандай, сел агызып кеткен дагы бир аялдын сөөгү табылган. Анын аты-жөнү такталууда.
Каза болгондор 11 жашта (эки өспүрүм), 16, 12, 19, 8 жашта болгондору жазылат маалыматта.
"Учурда тактоо иштери уланууда, кошумча маалымат берилет" дешти мекемеден.
Буга чейин селдин кесепетинен алты адам каза болгону маалымдалган болчу.