"Супер концерт-2013" өзгөчө сюрприздерге бай болду. Алардын бири, алпаруучулук өнөрдү бир нече жылдан бери аркалап келе жаткан, өз эне тилин жакшы өздөштүрбөй калган кыргыздын улан-кыздарын «Тамашоу» долбоору аркылуу кыргызча түш жоруткан Эрмек Нурбаевге «Заманыбыздын супер алпаруучусу» аттуу наам ыйгарылган. Мындан тышкары Эрмек Нурбаевге "Супер-Инфо" гезити тарабынан көп жылдан бери тыгыз иштешип келе жатканы үчүн кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо берилген. Мына ошол сыйлыкты бүгүн, 24-декабрда Нурбаевдин өз колуна тапшырдык.
Белгилей кетсек, сыйлык тапшыруу аземине ал келе албай калган. Себеби ал учурда Эрмек "Тамашоу" курама командасы менен Сочиде өткөн фестивалда жүргөн эле.
Нурбаев: “Буга чейин бир нече жолу “Супер-Инфонун” версиясы боюнча “Жылдын супер алып баруучусу” наамын алгам. Быйылкы сыйлыгым, менин оюмча, ошол сыйлыктардын арасынан бийикте турганы болду. Себеби “Заманыбыздын супер алып баруучусу” деген аты да башкача экен”,- деп сезимдери менен бөлүштү.
Ал эми сыйлык ээси болгонун биринчи кимден укканы тууралуу “Тамашоу” лигасынын негиздөөчүсү “Бул жаңылыкты мен Сочиде команда менен жүргөндө уктум. Досторум Бакыт Байсариев менен Улан Барпиев кабарлашты. Кимиси биринчи айтканы эсимде жок. Бири наам алдың десе, экинчиси жолдомо алдың дешти. Учурда сүйүнчүнү мага бересиң, мага бересиң деп экөө кырылышып жүрөт (күлүп)" деди.