Гүлнура Таштанбекова Азия чемпиону болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунда (U-23) алтын медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, спортчу мелдешке 72 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Ал биринчи айлампада индиялык балбанды 7:0 эсебинде утту. Кийин казакстандык, ал эми финалда өзбекстандык Светлана Окназарованы 10:0 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону аталды.
Эске салсак, буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча чейин Нурзат Нуртаева 68 килограмм чейинки салмакта алтын медалга ээ болсо, Кайыргүл Шаршебаева 76 килограмм салмакта күмүш медалга жана Арууке Кадырбек кызы 55 килограмм чейинки салмакта коло медалга ээ болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан