Азия чемпиондугу (U-23): Абдумалик Карачев алтын медалга ээ болду

Өлкөнүн эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдумалик Карачев Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Бул боюнча Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Алгачкы айлампада Ирактын баланын 16:8 эсебинде, экинчи айлампада иорданиялык Сахиб Рамзи Салах Алмарафини 10:0 эсебинде утту.
Үчүнчү айлампада монголиялык Жигуур Сарантуяны 8:0 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште индиялык Субхам Субхамды 10:0 эсебинде жеңди.
Чечүүчү финалдык беттеште казакстандык Султан Курманалиевди 5:0 эсебинде жеңип, өз салмагында Азия чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, спортчу мелдешке 57 килограммга чейинки салмакта катышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан