Капчыкта 9 медаль. Грек-рим күрөшү боюнча курама Азия чемпиондугунда 2-орунду ээледи

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунда (U23) жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. Маалыматты Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Жеңишке жеткен спортчулардын тизмеси:
Аманат Самат уулу (67 килограмм), Асан Жанышов (87 килограмм) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 килограмм) алтын медалга ээ болушту.
Артык Орозбеков 130 килограмм чейинки салмакта 2-орунду ээледи.
Азамат Камилжан уулу (55 килограмм), Акыл Сулайманов (60 килограмм ), Адилхан Нурланбеков (72 килограмм), Алибек Бердиев (77 килограмм) жана Бекзат Орункул уулу (82 килограмм) коло медаль тагынды.
Курама команда улук машыктыруучулар Улукбек Карачолоков , Арсен Эралиев жана Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан