Испания менен Грузиянын курама командалары беттешкен Европа чемпиондугунун плей-офф баскычынын 1/8 финалынын беттеши аяктады.
Мелдеш Кёльн шаарындагы (Германия) "Рейн-Энержи" стадионунда өтүп, 4:1 эсебинде испаниялык команданын пайдасына аяктады.
Беттештин биринчи голу 18-мүнөттө киргизилди. Биринчи голду грузин командасы киргизген.
39-мүнөттө Испаниянын жарым коргоочусу Родри эсепти теңеди. Ошондой эле Грузиянын дарбазасына жарым коргоочусу Педри жана Нико Уильямс гол киргизишти.
Ал эми 83-мүнөттө Дани Олмо акыркы голду киргизип, эсепти аяктады.
Испания курама командасы "Евро-2024" мелдешинин чейрек финалына өтүп, анда Германия менен ойнойт. Ал эми Грузиянын командасы турнирден четтетилди.