Жалал-Абадда 4 жашар кыз зордукталды

Жалал-Абадда 4 жашар кыз зордукталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, окуя тууралуу маалымат милицияга 24-июнда келип түшкөн. Ошол күнү Р.Азимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алдында 2019-жылы туулган М.Бны бейтааныш адам зордуктап салган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, далил буюмдар алынганы айтылат.

"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары 35 жаштагы Б.Х. кармалып, эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланып жатканы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан