Бишкек шаарынын катышуучусу 28-июнда кыргыз мектеп окуучуларынын арасында уюштурулган "American Song Contest" америкалык ыр сынагында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, иш чарага АКШнын өлкөдөгү элчиси Лесли Вигери катышты. Жеңүүчүлөргө жана финалисттерге белектер, дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.
Сынакка таланттуу мектеп окуучулары катышып, бир нече этаптан кийин Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 12 катышуучу тандалып алынган.
Сынак Билим берүү жана илим министрлиги, “Лингва” инновациялык билим берүү коомдук фонду, АКШнын өлкөдөгү элчилигинин колдоосу менен уюштурулган.