Чолпон-Ата шаарына ипотекалык үйлөр курулат

Чолпон-Ата шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөр өлкө башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен курулууда.

"Бул долбоор региондун турак жай шарттарын жана социалдык инфраструктурасын жакшыртуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Курууда колдонулган заманбап технологиялар жана материалдар, үйлөрдүн жогорку сапатын жана энергия үнөмдүүлүгүн камсыз кылат. Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди азайтуу үчүн экологиялык аспекттерге өзгөчө көңүл бурулат. Долбоордун алкагында жашоо үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө түзүү пландалууда. Ага жашыл зоналар, балдар аянтчалары, спорт объекттери жана эс алуу зоналары кирет. Бул келечектеги тургундардын жашоо сапатын жакшыртып гана тим болбостон, гармониялуу шаар чөйрөсүн түзүүгө да жардам берет", - деп жазган Туманбаев.

Пландалып жаткан курулуштун параметрлери төмөнкүдөй:

  • Участоктун аянты: 35 гектар;
  • Үйлөрдүн саны: 76 блок;
  • Батирлердин саны: 3 миң 20;
  • Тургундардын саны: 5 миң 850 адам.

Инфраструктура:

  • 412 унаа токтотуучу орун;
  • 750 орундуу орто мектеп;
  • 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
  • 200 орундуу үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • 500 орундуу мечит.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан