Кечээ, 1-июлда Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы драма театрында кыргыз-казак айтышы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынан билдиришти.
Ага ылайык, V эл аралык айтыш Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Каракол шаарынын 155 жылдыгына арналган “Улут баскан улуу жол” этнофестивалынын алкагында өткөрүлдү.
Аталган эл аралык айтышка жалпысынан 10 кыргыз төкмө акыны, 2 казак акыны катышкан.
Жыйынтыгында баш байгеге Жылдызбек Төрөканов менен Мухтар Ниязов, 1-орун Эсенбек Кийизбаев менен Нурсултан Малдыбаев, 2-орун Изат Айдаркулова менен Нурмат Мансуров, ал эми 3-орунга Турат Жумаев менен Арген Биймырза уулу ээ болушканы маалымдалат.