Бүгүн, 2-июль күнү алып баруучу Нурзат Токтосунова 41 жашка толду. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыктык.
"Туулган күнүмдү курбу кыздарым, тааныш эжелерим менен шаардагы тойканалардын биринде белгилегени жатам.
Кечээ жолдошум көйнөк белекке берген, башка белектерди ала элекмин (күлүп).
Чыгармачылыгымда жаңылануу – алып баруучулукту баштайын деп чечтим. Той, иш-чараларды алып барып, активдүү иштейин деп жатам", - дейт Токтосунова.
Алып баруучу 1983-жылы 2-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Ичке-Суу айылында төрөлгөн. Мектепти ийгиликтүү аяктап, олимпиаданын жыйынтыгы менен эл аралык Ататүрк "Ала-Тоо" университетине сынаксыз кабыл алынып, эл аралык мамилелер бөлүмүн окуп бүтүргөн. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун маданий ишмердүүлүк факультетин аяктаган. Ошондой эле Ишеналы Арабаев атындагы университеттин психология факультетин бүтүргөн.
2012-жылы алып баруучулук жана журналистика боюнча "NUR академиясы" аталышындагы окутуу курсун ачкан.
Ал "Курманжан датка — 200", "Уркуя — 100", "Куйручук — 145", "Жусуп Баласагын — 1000", "Исхак Раззаков — 100", "Токтогул Сатылганов — 150" жылдыгынын, "Ысык-Көлдө кадыр түн", "Мейкин Азия", Москва шаарындагы "Мавлид", Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндары иш-чараларын алып барган.
Мындан тышкары, алып баруучу "Саякбай", "5000 сом", "Колибри", "Талаш тагдыр", "Президент жана бомж", "Мунабия" тасмаларында роль жараткан.
2-июлга карата жылнаама.