Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө белгилүү актёр Стивен Сигал менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"Белгилүү актёр Стивен Сигал Кыргызстанда. Ал президент Садыр Жапаров менен Ысык-Көл жээгинде учурашып, кыскача баарлашты", - деп жазды Алагөзов.
Стивен Сигал - актёр, продюсер, сценарист, режиссёр, музыкант. Атактуу актёр АКШнын Мичиган штатындагы Лансинг шаарында туулган. Ал тасма талаасына 1982-жылдан баштап аралаша баштаган. Стивен Сигал дүйнөгө "Өтө катуу сокку" ("Смертельный удар"), "Жырткычка аңчылык" ("Охота на зверя"), "Согуш өнөрү" ("Искусство боя") жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу таанылган.