Мадридден Монтевидеого учкан самолёт катуу жулкунуп, бир жүргүнчү сумка коё турган текчеге чыгып кетти (видео) 

Боинг 787 учагынын жүргүнчүсү катуу турбуленттик маалда сумка коё турган текчеге чыгып кеткен. Катуу жулкунуудан 40ка жакын адам жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Air Europa учагы Мадридден Монтевидеого багыт алган. Учуу учурунда Dreamliner катуу турбуленттикке туш болгон.

Натыйжада ондогон жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын бирөөсүн сумка салгычтан алып чыгууга туура келген. Мында негизинен коопсуздук курун тагынбагандар жабыркаган. Жүргүнчүлөрдүн айтымында, учуу маалында борт ылдыйга түшкөндүктөн, бир нече адам шыпты башы менен сүзгөн.

Учак Бразилияга чукул конууну чечип, анда бардык жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

40ка жыкын жүргүнчү ар кандай жаракат алышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан