"7 сириялык каза болду". Түркияда сириялык мигранттарга каршы көтөрүлүш болду (видео) 

Түрктөр массалык түрдө сириялыктардын үйлөрүн жана дүкөндөрүн талкалашты. Көтөрүлүш өлкөнүн бардык аймактарында болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Тополоң 6 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган сириялык жаран кармалгандан кийин башталган. Түрктөр сириялыктардын дүкөндөрүн талкалап, сириялык качкындардын үйлөрүнө кирип, буюмдарын ыргытып, батирлерди өрттөй башташты. Буга жооп катары чек арадагы шаарлардагы сириялык качкындар түрк желектерин өрттөп, түрк коопсуздук күчтөрүн ташыган унааларды таш бараңга ала башташты.

Көтөрүлүш өлкөнүн бардык аймактарында болуп өттү. Ал эми Кайсериде бийлик мигранттарга кол салуулардын видеолорун жайылтпоо үчүн интернетке жана социалдык тармактарга кирүүгө убактылуу бөгөт койгон.

Соңку маалыматтар боюнча, көтөрүлүштө жети сириялык каза болуп, 400дөн ашуун тополоңчу кармалган.

Түркияда сириялык мигранттарга каршы көтөрүлүш болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан