Индиянын Уттар-Прадеш штатында болгон коркунучтуу тыгындан кеминде 107 адам набыт болду. Алардын көбү аялдар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматта каргашалуу окуя диний иш-чара учурунда болгондугу айтылат.
"Анда кырсык болгон жерге миңдеген адамдар чогулушкан. Келген адамдардын баары бири-биринин үстүнө жыгылып, тепселендиде калышкан", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми каза болгондордун арасында эки жаш бала болгон. Алардын бири 4 жашта, экинчиси 8 жашта.