“Азия балдары” эл аралык спорт оюндарында дзюдо боюнча Самира Жарова 52 килограммга чейинки салмакта катышып, күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, Орусияда өтүп жаткан таймашта Жарова алгач беларустук Дарья Митрофанованы жеңип, экинчи таймашта якутиялык Евгения Чесебиеваны утту. Чечүүчү беттеште өзбекстандык Нигина Умирзаковага жеңилип, күмүш медаль тагынганы айтылат.
"Кыргызстандын өспүрүмдөр арасында кыздар курамасын ага машыктыруучу Алибек Чороев жетектеп келген. Ошондой эле дзюдо боюнча мелдештин 1-күнүндө 46 килограмм салмакта Илияс Сейитказиев коло байгенин ээси болгон", - деп жазылат анда.
Жалпы 13 дзюдочу мелдешке барганы кабарланат.