Бүгүн, 3-июль туулган күн тоскондордун катарында эстрада ырчысы Курал Чокоев дагы бар. SUPER.KG порталы ырчы мырзанын туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда өздүк майрамын үй-бүлөсү менен тосорун айтты.
"Эң биринчи туулган күнүмдү улуу кызым куттуктады, түндө 12де. Менин ар бир туулган күнүм бири-бирине окшошпойт экен, баары эле жакшы маанайда өтөт. Көбүнчө ата-энем, үй-бүлөм менен болом. Мен негизи бирөөлөрдүн туулган күнүндө өзгөчө нерселерди ойлоп таап куттуктаганды жакшы көрөм. Бирок өзүмдүн туулган күнүмдү тосконду, күткөндү жакшы көрө бербейм. Кичинекей кезибизде туулган күндү күтөбүз го, ушундай болот болуш керек, могундай белектер болсо керек деп. Анан сен күткөндөй болбой калат. Биз эми кыйын заманда чоңойдук да. Ошондон "психологический травма" алып калгам го (күлүп). Ошондон улам туулган күнүмдү жаман көрүп калсам керек, аябай деле күтпөйм", - дейт ырчы.
"Ар бир туулган күнүңүздө жаш кошулуп, картайып жатам деген сезим болбойбу?" деген сурообузга төмөнкүчө жооп берди.
"Ажобуз 35 жашка чейинкилер жаш деп эсептелет, андан кийинкилер жаш болбой калдыңар деп указ чыгарбадыбы. Ошондон кийин кадимкидей ойлонуп калдым. Мурда картайып жатам деген сезим болчу эмес, акырыкы эки жылда ойлоно баштадым (күлүп)", - деди Курал Чокоев.
Курал Чокоев Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 1987-жылы туулган. Ырчы мырзы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин аяктап, андан соң Улуттук консерваториянын оркестр факультетине тапшырган.
Репертуарындагы эл оозуна алынган ырлары: "Жалгызымсың", "Ты прости", "Оп майда", "Билип жүр", "Өмүр зымырайт", "Сейдакматтын ыры", "Кокон гилас" жана башкалар.