Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеп жүргөн 46 бангладештик кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жүргөн Бангладеш мамлекетинин 46 жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-майда атайын кызмат ИИМ менен биргеликте Базар-Коргон шаары менен Сейдикум айылында мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандарды аныктаган.

УКМК кармалган бангладештиктерге карата административдик протоколдор түзүлгөнүн, учурда сот органдары аларды өлкө аймагынан чыгаруу маселесин карап жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан