
Ырчы
Максат Садырбеков менен жубайы
Айсулуу Молдалиева үчүнчү наристесин күтүшүүдө. Бул тууралуу алар социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда алар видео менен бөлүшүп, "мындай жаңылыкка даяр белеңер" деп билдирүү калтырышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин түгөйлөр Мия аттуу кызын жана Диас атуу уулун тарбиялап келишкен.